super.kg logo

Профессор, уролог Жаныбек Мамбетов коронавирус инфекциясынан каза болгону белгилүү болду

 

20-июлда медицина илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Мамбетов каза болгонун укук коргоочу Рита Карасартова тарабынан маалым болгон.

Уролог Жаныбек Мамбетов 59 жашында коронавирус инфекциясынан каза болгонун Улуттук госпиталдан билдиришти. Мекемеден ал үч баланын атасы болгонун кошумчалашты.

Мамбетов Жаныбек Султанбаевич 1961-жылы 26-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Тоң айылында туулган. 1978-жылы мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1984-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1985-жылы №1 шаардык клиникалык ооруканасында уролог болуп иштеп баштаган.

1991-1995-жылдары Тоң райондук ооруканасынын башкы дарыгери;

1996-2002-жылдары уролог, андан кийин №1 шаардык клиникалык оорукананын урология бөлүмүнүн башчысы;

2002-жылдан баштап Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын №2 урология бөлүмүнүн башчысы;

2006-жылдан бери Урология кафедрасынын профессору;

2017-2019-жылдары Ош шаардык ооруканасынын урология бөлүмүнүн башчысы;

2019-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Бишкектеги "Мемориал" клиникасында уролог болуп иштеген.

Ал Дүйнөлүк, Түрк жана Кыргыз урологдор ассоциациясынын мүчөсү болгон.

Саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ал бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги наамын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: