super.kg logo

Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Аланов каза болду

 

Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Аланов каза болду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талгат Аланов 21-июль күнү жүрөк оорусунан каза болгон.

"Акыркы эки аптанын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматы оор жоготууга учурады. Арабыздан эки аскер кызматкерибиздин каза болгондугун терең кайгыруу менен билдиребиз.

Полковник Көкчө Жакыпбеков пневмониядан каза болсо, экинчи офицерибиз, подполковник Талгат Аланов кезектеги өргүүдө жүргөн жеринен алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жүрөк согуусу токтоп каза болду.

Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамы каза болгон офицерлердин жакындарынын жана туугандарынын орду толгус жоготуусуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт жана алардын үй-бүлөсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
22.07.2020. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул пограндагы коррупцияны айтып жургон киши го.Тынчытып коюшпадыбы?! Жаткан жери жайлуу болсун!
22.07.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чек арадагы коррупцияны чыркырап айтып кеоген жигит болчу! Оз ажалы менен олгонуно кумонум бар!
Жаткан жери жайлуу болсун(((
22.07.2020. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекетибизде мыкты президент болгондо созуно турган,мындай азаматтарыбыз президентке ишенип коррупциялык схемаларды ачык айтып чыкса,кайра озуно куноо коюп жакшы эле азаптады го.
Бир келип кетебиз баарыбыз.
Болгону бугунку бийликтеги акмактар,эки жуздуулор элди туболукко кыйначудай.
Президент эл менен болгондо соттолуучуларды туз эфир (атайын социалдык сеттерден) аркылуу элге корсотууго комоктошмок.
Аттин,жаткан жерин жайлуу,топурагын торко болсун досум!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: