Ысык-Көлдөгү стационарлардын биринен кычкылтек концентратору уурдалганы айтылды
"Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы стационардан кычкылтек концентратору уурдалды". Мындай билдирүүнү социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыккан.
Аталган окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаевге кабарлашканыбызда, жабдыктын уурдалбаганын айтат.
"Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" санаторийинде ачылган стационар 100 кишиге ылайыкташкан. Ал жакка кайрылган бейтаптардын бири өзүнүн кычкылтек концентратору менен келген экен. Ал тиешелүү медициналык жардам алып, абалы канааттандырарлык болгондон кийин үйүнө чыгарылган. Бейтап өзү ала келген кычкылтек концентраторун алып кеткен. Жабдык уурдалган эмес", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
rola

22.07.2020. 14:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурдалды кайра табылды.Кандай ошонун эсебин билбейсинер!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.