super.kg logo

Бишкектеги соода борборлоруна бүгүнтөн тарта кечки саат 9га чейин иштөөгө уруксат берилди

 

Бүгүн, 22-июлдан тарта Бишкектеги бардык соода борборуна жана супермаркеттерге кечки саат 21:00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. Тийиштүү буйрукка борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду дешти мэриянын басма сөз кызматынан.

Аянты 100 чарчы метрден ашкан соода объектилери, супермаркеттер, соода борборлору, комплекстер, дүкөндөрдүн тармактары күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Соода борборлорунда жайгашкан азык-түлүк дүкөндөрү иштебейт. Кафе жана ресторандар, ошондой эле башка тамак-аш соода түйүндөрү эртең мененки саат 10:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Тамак-аш жеткирүү кызматтары санитардык нормаларды так сактоо менен иштөөгө, тамак-ашты чектөөсүз алып кетүүгө болот.

Коомдук транспорттор дем алыш күндөрү каттамга чыкпайт, иш күндөрү эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 17.00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Борбор калаадагы базарлардын иши саат 09:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Тыюу салынат:

- көчө соода жана тейлөө объектилери (батут, велосипедди жалдоо пункттары жана башкалар);

- тойканалар жана оюн-зоок мекемелеринин иши (түнкү клубдар, барлар, караоке клубдары жана башкалар);

- балдар аянтчалары жана көңүл ачуучу жайлар.

Жогорудагы иш-чаралар атайын буйрук кабыл алынганга чейин, башкача айтканда, Бишкек шаарынын аймагындагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча күчүндө болот жана менчик ээсине карабастан, бардыгы үчүн милдеттүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
22.07.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Болуптур мер
22.07.2020. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuban-1207,че за тупойский соз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: