super.kg logo

Премьер-министр ооруканаларды кышка даярдоону күчөтүү керектигин айтты

 

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларга зарыл жабдууларды алуу менен кышка даярдоо иштерин күчөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Адистер эпидемиянын экинчи толкуну күз айларында башталарын божомолдоодо. Ошондуктан медициналык мекемелер бардык кырдаалга даяр турушу керек. Ал үчүн ооруканалардагы абанын алмашуусун жөнгө сала турган жабдууларды орнотуу зарыл", - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр медицина кызматкерлерине илдеттин жугуу себептерин аныктоо тапшырмасын берди.

"Медицина кызматкерлеринин арасында кызматтык милдетин аткарып жатып, илдетти жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө. Ошондуктан биз алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек. Аларга коронавирус инфекциясынын жугуу себептерин дыкат аныктап, анын негизинде маселелерди жоюунун үстүндө иштөөнү күчөтүү керек", - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өпкөсү сезгенип калган учурдан өтүшүп кеткенге жеткирбей, алдын алуу чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.

"Илдетти сасык тумоо катары кабыл алып, өз алдынча үй шартында дарыланып жаткандар бар. Ошондуктан ооруп жаткандарды аныктоо үчүн Бишкек шаарынын жана аймактардын жетекчилери медицина кызматкерлери менен үймө-үй кыдыруу иштерин күчөтүүгө тийиш", - деп премьер-министр сөзүн жыйынтыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
22.07.2020. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экинчи толкуну болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: