super.kg logo

Ош шаарында март айынан бери 9 адам коронавирустан, 46 жаран пневмониядан каза болгон

 

Ош шаарында март айынан бери жалпы 55 бейтап каза болсо, анын 9у коронавирус инфекциясынан, 46сы пневмониядан көз жумган. Мындай маалыматты Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифинг учурунда айтты.

Бүгүнкү күнгө карата Ош шаары боюнча март айынан бери 1 миң 470 адамдан коронавирус ифекциясы жана пневмония илдети аныкталып, анын 660сы айыкты. Тилекке каршы, 55 бейтап көз жумган.

Калган 676 бейтап стационарларда калууда. Анын 83ү коронавирус инфекциясынан, 593ү пневмониядан дарыланып жатат. Орточо оор абалдагылар - 121, өтө оор абалдагылар - 19.

"Акыркы 4 күндөн бери ооругандардын саны басаңдап, медициналык жардам алуу боюнча кайрылгандардын да саны кыскарды. Алсак, "Тез жардам" кызматына буга чейин күнүнө 250-300 чалуу түшсө, акыркы суткада 117 чакыруу болгон. Ал эми 118 ыкчам номуруна күнүнө 300-400 чалуу болсо, өткөн суткада 147 жаран кайрылган", - деди калаа башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: