super.kg logo

Алтынай Нарбаева: "Кесиптештериңдин арасында сынып калуу - бул "кичинекей өлүм"

 

Кечээ, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кайрымдуулук менен алектенип жүргөн ыктыярчылар менен жолугушкан. Бир топ убакыттан бери күн-түн дебей эл кызматында жүргөн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын чакырылгандардын тизмесине кирбегендиги эл арасында кызуу талкуу жаратууда.

Ырчы SUPER TV менен маек куруп, талкуу боюнча өзүнүн оюн билдирди.

"Пендебиз да, президент жолугушуу өткөрөт экен дегенде күтүп, өзүмдүн оюмду айтканга укугум бар деп ойлогом. Чакырылган жокмун, ага маани деле бербедим. "Үнүң жетпеген жерге кыйкырба" дейт, барбай калдык. Кечинде үйгө барып, күнүмдүк иштер тууралуу Инстаграм баракчама отчёт чыгарам. Ошондо баракчама келген каттарга көз жүгүртүп, ким ыраазы, ким нааразы болду деп карайм. Ар бир билдирүүгө жооп бергенге аракет кылам. Ошол күнү "ыктыярчылар менен болгон жолугушууга сиз эмнеге барбай калдыңыз, Эрнест Бөрүбаев эмнеге барган жок?" деген каттар көп келиптир. Алгач көңүл бурбай эле коёюн деп ойлодум. Бирок түнү менен ойлонуп, өзүмдүн жан дүйнөмдөгү кыйкырыгымды жазайын деп Инстаграм баракчама пикиримди калтырдым", - деди ал.

Ырчы Инстаграмдагы баракчасына жазган билдирүүсүндө мамлекеттик, эл аралык деңгээлдеги концерттерге катышууга даярданып, бир күн калганда тизмеден чийилип каларын да айткан.

"Мамлекеттик концерттерге алдын ала даярдануу иштерине катышып, кийимдеримди, өзүмдү даярдайм. Иш-чарага бир күн калганда эле чалышып "сизди тизмеден чийип коюшуптур, катышпай калдыңыз" дешет. Биздин үнүбүз жакпайбы, кийимибиз же кебетебиз жакпайбы деп ойлоп коём, бирок капа болбойм. Жакынкы аралыктагы эле окуяга токтолсом, Кытайга концертке жөнөйбүз деп даярдандык, анан эле Нарбаева сени чийип коюптур дешет. Кесиптештериңдин арасында сынып калуу эч нерсеге теңелгис, бул "кичинекей өлүм". Депрессияга кабыласың, бирок элге билгизбейсиң. Мен капачылыгымды элге билдирбешим керек. Өнөрүм менен жыл сайын концерттерди коюп келем, мугалим болуп иштейм. Кээде мени эмнеге эле тизмеден чийип сала беришет деп өзүмө суроо берем.

Эч качан бир чоңдун эшигин такылдатып кирген эмесмин, кирбейм дагы. Болуптур кирип сурандың, жакшы жооп берсе маңкайып чыгып кетесиң, а эгер жаман жооп болуп калса, эшиктин каалгасын кантип табасың? Мен анда өзүмдү жоготуп коймокмун. Өзүмдү сыйлайм, өзүмдү урматтайм.

Эл артисти наамын алышың керек деп Ысык-Ата райондук маданият башкармалыгынын жетекчиси, аким документтеримди Ак Үйгө жөнөтүшөт. Мына болот, ана болот деген жакшы кабар угасың, анан болбой калыптыр дешет. Алтынай Нарбаева андай "кичинекей өлүмдүн" далайынан өттү. Таарынычты айткым келбейт, бирок кечээги билдирүүмө кошуп койдум. Мен жөн гана ырчымын. Элдин "эмнеге сиз катышкан жоксуз?" деген суроосу баарынан бийик болуп, жан дүйнөмдөгү кыйкырыгым чыгып кетти".

Өз билдирүүсүндө ырчы жолугушууга жалаң жаштар барганын, аларга ак жол кааларын айткан.

"Жаштар деп жалпылап айткам. Менин өзүмдүн жеке мыйзамымда эч качан улууну кыя өткөн эмесмин. "Кыргыз аттан жыгылса да, салттан жыгылбайт", ушундай жерлерде жаштар улууларды бир аз сыйлап койсо десем, бир эле адамга кайрылгандай кабыл алышыптыр.

Чакырылбай калганым боюнча эч нерсе айта албайм, эч ким чалып, чакырган жок. Уюштуруучулардын ким экенин билбесем жообун деле билбейм да. Болгону жаштарга улууларды унутпагыла деген өтүнүчтү айттым. Ажо менен жолукканда Кыргыз өлкөсүн түп тамырынан бери өзгөртө албайт болчумун. Мен эч кимди бөлбөйм жана таарынбайм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(20)
22.07.2020. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Айзада Жамгырчиева неге барды дейм да( өзү деле уялса болот го, аны көрүп мен уялдым бул жакта туруп(
22.07.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Begimkyz,Ооба,дары жакасын жагжайтып отуруп алыптыр,озунчоле разборщиктердей колдорун жаңсап сүйлөп.
22.07.2020. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жайнап кеттиго Нарбаева деп болду эми [moderated] Инстаграм и т д, Аллахым билсе болдуда
22.07.2020. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Карантин башталгандан бери жугуруп журот уят Айзадага иштебей журуп эле президент менен барып келгенден кийин иштеп калыптыр
22.07.2020. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Алтынай эже ыктыярчылардын катарына кирип иштеди беле?
23.07.2020. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabirdinovich, Алтынай эженин ыктыярчы болуп, кайсы иштерди кылыптыр?
22.07.2020. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ал жэрге ГИФ ойноткондор барышыптыр да өзү .
22.07.2020. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Алтынай эже карантин башталгандан бери чуркап журот,март айынын аягында эле кордум окшойт эле Сагын Кызсайкалдар менен чогуу жургонун, капа болбонуз,сизди эл сыйлайт эл билет , ырларыныз да мыкты,озгочо унунуз бар,сонун ырчысыз
23.07.2020. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айзадага эмне бар дейм да!
23.07.2020. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айзада мн Анжелика айтса болмок,аксакал эжебиз биз менен тен тайлаша чуркап журот,ошолорду да чакырыныздар деп,окмот да жалтыр жултурларды чакырыптыр да
23.07.2020. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эрнист менен Алтынай эже барыш керек эле жеке ойум! Булар көргөндү ошол жерде отургандардын жарымынан көбү көрө элек эле!
23.07.2020. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Иий ызы-чуу,булар артисттер
23.07.2020. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айзадасы Анжеликанын этегин кармап барды да,не еультурная журналистка,ооздо сагыз, сүйлөгөндү да билбейт....
23.07.2020. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ассоль Молдокматова дагы калыптыр,ал дагы барыш керек эле.
23.07.2020. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Sinip kaluu bul olum~degeni kandai?kaira jashtarga ulgu bolgondun orduna ataandadhtik kilat~jon ele juro berbeisizbi~
23.07.2020. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
При выборе депутаты ходят по всему Кыргызстану. Почему в такое время они сидят без дело? При выборе тратят миллионы. Мы граждане должны этот моменты не забыть и также отнести хладнокровно при выборе.
23.07.2020. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чоңдор блин эмнеге андай кемсинтесинер эжеке жакшы иштеп жүрбөйбү жалаң эле хайперлерди чакырып билдирбей жакшылык кылгандарды калтырып, Мейли Кудай билсе болгону
Модератор admin_superstan түзөттү 2020-07-23 16:18:29
23.07.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде ал жерге барган волонтёрлордо соз жок. Кептин баары президенттин аппаратында, начар иштегендери, жалпы проблеманы билбегендери билинип турат. Жалан ырчыларды соцсеттерде подписчиктери копторду чакырыптырлар. Жон эле алардын колу менен президент жана аппарат иштеп жаткандай тур корсоткулору келген. Биринчиден алар оздорунун акчаларын таратып аткан жок. Гумпомощ жана белдуу бизнесмендер берген жоноткон жардамдар. Экинчиден чыныгы волонтёрлор башка жакта иш кылып атышат. Жонокой эле студт
23.07.2020. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жолугушуу менен бир маселе чечилбейт. Аппарат жон эле протокол учун чакырып койду. Бир гана спортсмен бала туура маселе койду. Алып барган жардамдар бейтаптар менен медкызматкерлерге берилбей калганын айтып главрач шабашка кылып атат деп айыптады. Мындай корунуш башка жакта да болуп атканын айтып укук коргоо кызматкерлери катуу чара колдонушун айтты. Ошол жакта иштеп аткан медик волонтёрдон бироо, чет олкодон жардам тартып аткандардан бироо да кошсо болмок
24.07.2020. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Olum degen kichinekei je chon dep bolunboit
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: