super.kg logo

Премьер-министр Бишкек жана Ошто 25-августка чейин жаңы ооруканаларды куруу иштерин бүтүрүүнү тапшырды

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында күндүзгү жана түнкү стационарларда эпидемиологиялык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөөнү күчөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Медицина кызматкерлерине жана жарандарга коронавирус инфекциясынын жугуу коркунучун алдын алуу үчүн стационарларда санитардык ченемдерди катуу сактоо талап кылынат. Мындан өлкөнүн эпидемиологиялык абалы көз каранды. Ошондуктан адистер жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бардык санитардык эрежелерди аткарууну туруктуу негизде көзөмөлгө алууга тийиш жана стационарлардагы медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө зарыл шарттарды түзүү абзел", - деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү ооруп жаткан жарандардын өмүрүн сактап калуу боюнча көрүлүп жаткан иштерди талкуулашты. Мындан тышкары оорусу өтүшүп кеткен бейтаптардын абалын жакшыртуу үчүн чараларды күчөтүү тапшырмасы берилип, бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактардагы кураторлоруна жана Бишкек шаарындагы ооруканаларга бекитилген өкмөт мүчөлөрүнүн дарегине премьер-министр сын айтты.

"Оор абалдагы бейтапты дарылоодо түшүнүксүз жагдайлар болуп жатса, академик, профессор жана клиницисттерден турган эксперттик топко кайрылуу зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлиги жалпы республика боюнча иштей турган дарыгерлердин консилиумунун ишин күчөтүүнү колго алууга тийиш", - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Отурумда Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканаларды куруу, аймактардагы бош имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ылайыкташтыруу иштерин ушул жылдын 25-августуна чейин бүткөрүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
23.07.2020. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайда 2 суткада курулуп бүтсө. Өзбекстанда 10 күндө курулган оорукана Кыргызстанда бир айда бүтөт экенда. Бирок ушуну уга да шугур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: