super.kg logo

"Арасында медицина кызматкерлери жана гуманитардык жардам бар". Бишкекке Новосибирсктен Кыргыз жарандары учуп келишти

 

Бүгүн, 23-июлда “Манас” эл аралык аэропорту "Сибирь" (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул каттам менен өлкөгө 208 Кыргыз жараны келди, алардын арасында балдар да бар. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна Кыргыз өлкөсүнө кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз жарандарынын кайрылууларынын кезегинин тартиби боюнча түзүлгөн. Ага кош бойлуу аялдар, баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасаткандар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан студенттер киргизилген. Бул каттам менен Кыргыз жарандары Новосибирск, Забайкальский, Ыраакы Чыгыш, Алтай Республикасынан, Кемеров жана Сахалин облустарынан келишти.

Каттам менен коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жардам берүүнү каалаган 8 медкызматкер-ыктыярчылар келди. Ошондой эле өлкөгө Новосибирск облусунда түзүлгөн кыргыз диаспорасынан 700 миң рублдан ашык өлчөмдө медициналык аппаратуралардан, дары-дармектерден жана шаймандардан турган гуманитардык жардам келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: