super.kg logo

Баткенде дарыгерлер үчүн жаратылышта обсервациялык орундар даярдалды

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды 14 күн бою дарылап чыккан дарыгерлер үчүн таза аба, кооз жаратылышта жайгашкан объекттерге, обсервация орундары даярдалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

"Бүгүн, 23-июлда ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Алтын-Бешик балдар лагеринин базасында уюштурулган обсервация менен таанышты. Учурда бул жайда кооптуу зонада эмгектенген дарыгерлер жайгаштырылган. Облус башчы дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, ар бир бейтаптын айыккан учурлары дарыгердин баа жеткис эмгеги деп белгилеп, ар бирине резервдик фондунан 5 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды", - деп билдиришти администрациядан.

Буга чейин Баткен облусунда дарыгерлер бейтаптарды үймө-үй кыдырып дарылап жаткандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.07.2020. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Темадан тышкары кечиресиздер бирок карасаңыздар хиджаб эжеге канчалык жарашып турат ошол эле учурда эркектери да баш кийимчен, Аллах ар бирибиздин ыйманыбызды бекем кылсын, а даарыгерлер сиздер азаматсыздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: