Бир сутка ичинде 53 ак халатчан илдетти жуктуруп алганы тастыкталды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 53 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинде дарыгерлердин арасында 22 учур катталды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабарлады.
Ал эми бир суткада 74 медициналык кызматкер ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылды.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу 2 580 медкызматкерге коюлуп, алардын ичинен 1 234ү айыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.