Өтүгүнөн 1 литрге жакын терин төккөн дарыгердин видеосу тарады. Ал бир күн мурун эс-учун жоготкон
Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу дарыгерлерибиз күн-түн дебей иштеп жатканы баарыбызга маалым.
Социалдык тармактын Veronique Garrett аттуу колдонуучусу өзүнүн баракчасына дарыгердин нөөмөтү аяктаган соң кийимин, өтүгүн чечип жаткандагы видеосун жүктөгөн. Анда дарыгердин былчылдап тердеген коргонуучу кийимин сыгып жатканын көрүүгө болот.
"Кыргыз өлкөсүндө коронавирус кризиси уланып жатат. Иштеп жаткан ыктыярчы студенттен нөөмөтү аяктаган соң канча тер төгүп иштегенин видеого тартып берүүнү суранышкан. Бирок ал өтүгүнө куюлуп түшкөн терин эле тартып берди.
Бул видеону тартып берүүдөн бир күн мурда ал эс-учун жоготкон. Өмүрүн тобокелге салып, билгенинен да артык болгон ишке чечим чыгарган жаш ыктыярчыларга карата сыймыктанууга сөз табуу оор", - деп жазган колдонуучу.


Коргонуучу кийим сырттан эч нерсе киргизбейт, ошондой эле ичинен эч нерсе чыгарбайт.
Хайпты сендей жалкоолор жасайт ордунда отуруп алып.
Кызыл зонага киргенде ошондой эле болот. Себеби кийип жүргөн кийим суу өткөрбөйт. Тердеп анын баары өтүккө чогулат. Врач катары айтып жатам, түздөн түз оорулар менен иштеген.