super.kg logo

"Баткенде куран окутууда коюлган чектөөлөргө баш ийбегендер болууда" дейт өкмөттүн облустагы өкүлү

 

Баткен облусунда эпидемиологиялык абалга байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилген.Коюлган талаптарды аткарбагандар болуп жаткандыктан үймө-үй кыдырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады, дейт өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов.

"Аймактар аралык каттамдар токтотулган. 15-июлдан тартып облустун ичиндеги шаар, район аралык каттамдарга дагы чектөө киргизилди. Мындан тышкары коомдук тамактануучу жайлар убактылуу жабылды. Облустун аймагына жүк ташыган унаалар гана киргизилет, ошол эле учурда жүктүн мыйзамдуулугу такай көзөмөлдөнөт.

Той, мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынган. Ал эми куран окутуу максатында уюштурулган иш-чараларды көрсөтүлгөн тартипте өткөрүүгө уруксат берилген. Бирок талаптарга баш ийбегендер болуп жатат. Мындан улам айыл башчы, аймактык тескөөчү менен биргеликте үймө-үй кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат", - дейт Алишер Абдрахманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: