"Алты айлык наристелерибиз менен талаада калдык. Келиндерибиз төрөгөнү калды". Орусия менен Казакстандын чек арасында калып калган Кыргыз жарандарынын видеосу тарады
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусия менен Казакстандын чек арасында өтө албай калган болжол менен 500дөн ашык Кыргыз жарандарынын видеосу тарады. Видеодо жарандар президентке жана өкмөт башчыга кайрылып, алып кетүүлөрүн суранышкан.
"6 айлык балдарыбыз менен күндүн суугуна карабастан, ушул жерде жашап жатабыз. Кыргыз эли качан ойгонобуз? Бизди алып кетиңиздер, бул жерде миңдей адам болуп калдык. Балдарыбыз менен кантип чатырда жашайбыз? Алар түнкүсүн ыйласа жүрөгүбүз ооруйт. Үмүт менен жашап жатабыз. Сиздерден сураныч бир маалымат берип коюуңуздарчы ушул жөнүндө", - дешет чогулгандар.
Орусия менен Казакстандын чек арасында өтө албай калган Кыргыз жарандары
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Кок беттенип жолго чыгып алсанар эле силерге жол ачып бере берсе анда закондун не кереги бар?
Ар бир адам законду сыйлаганды уйронушубуз керек, урганым жок дебей.