super.kg logo

Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча ЖАМК маалымат таратты

 

Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 25-июлда каза болгону кабарланган. Анын өлүмү боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирүү таратты.

Анда Азимжан Аскаров 9-июлда алсырап, дене табы көтөрүлүп жатканын кайрылганы айтылат.

"Медициналык кароодон кийин ага дарыгерлер тарабынан бир нече жолу Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү абагынын ооруканасында дарылануу сунушталган. Аскаров кескин түрдө баш тарткан.

16-июлда Акыйкатчы аппаратынын профилдик бөлүмүнүн кызматкерлери Азимжан Аскаров менен жолугуп, анын ден соолугу тууралуу сүйлөшкөн. Аскаров түзөтүү абагына которулуп, дарыланууга макул болбой тургандыгын билдирген (Акыйкатчынын расмий пресс-релизинде көрсөтүлгөн).

Дарылануудан баш тарткандыгына карабастан 24-июлда Аскаров текшерүүдөн өтүү үчүн күч менен №47 түзөтүү абагынын ооруканасына жиберилген.

Алдын ала оң жактуу пневмония диагнозу коюлган соттолуучу №47 түзөтүү мекемесинин ооруканасына кабыл алынары менен кычкылтек концентраторуна кошулган. Бул учурда анын сатурациясы (кандагы кычкылтектин өлчөмү) 80-83 болгон. Бейтап катуу каршылык көрсөтүп, кычкылтек концентраторунун бет кабын алып салган. Аскаров нөөмөтчү дарыгердин көзөмөлүндө болгон.

25-июлда эртең менен саат 09:30 чамасында Аскаров өз алдынча кычкылтек концентраторун өчүрүп, саат 10:30 чамасында биологиялык өлүм катталганы аныкталган.

Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталат.

Ал эми Аскаровдун №47 түзөтүү абагынын ооруканасына кабыл алынгандан кийин дарылануудан баш тартуусу боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн",- деп айтылат маалыматта.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы Июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал өз күнөөсүн моюнуна албай келген.

Айыптуу Азимжан Аскаров жүрөктүн коронардык оорусу, атеросклероздук кардиосклероз, коронардык жана мээ тамырлардын атеросклерозу, өнөкөт холецистит жана панкреатит, сол бөйрөктүн өнөкөт пиелонефрити диагнозу менен дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
26.07.2020. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жазасын оо дүйнөдө алсын
26.07.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул олтургон кишилердин балдарына энелерине салып бериш керек эле,таш баранга алып козун чукуп олтуруш керек эле бул канкорду!!!
26.07.2020. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыскасы озун озу кыйнап атып акыры олгон экен да,улам эле кошкон аппаратты жулуп салып
27.07.2020. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек өзүн өзү өлтүрүптүр, күнөөсүнө күнөө кошулуп оо дүйнөдө да жазаланат.
27.07.2020. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рас болуптур
27.07.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дарылануудан баш тарткандыгына карабастан 24-июлда Аскаров текшерүүдөн өтүү үчүн күч менен №47 түзөтүү абагынын ооруканасына жиберилген.
Атайылап эле өлтүрүшүптүр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: