super.kg logo

"Мамлекеттик органдар максималдуу үнөмдөө режимин улантуусу зарыл" дейт биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков

 

Бардык мамлекеттик органдар максималдуу үнөмдөө режимин улантуусу зарыл. Бул COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү маселелерине тийиштүү эмес. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

"Тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөр ишти күчөтүүгө тийиш. Анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин айлык акысын убагында берүү маселесин ыкчам чечиши шарт. Мындан тышкары маанилүү маселелердин бири аларга компенсацияларды төлөп берүү болуп саналат. Биз күнү-түнү жарандарыбыздын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерге, медайымдарга жана санитарларга болушунча кам көрүүгө тийишпиз",- деди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарынын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Биринчи кезекте, бул Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканаларды куруу. Ошондой эле жер-жерлерде имараттарды оорукана катары кайра түзүү жана медициналык мекемелерди суюк кычкылтек берүү системине борборлоштуруп кошууну уюштуруу өзгөчө колго алынсын. Бул ишке жооптуу мамлекеттик органдар буга чейин аныкталган. Жеке коргонуу каражаттарына тийиштүү айтсак, адистердин пикирин эске алуу менен жаңы бирдиктүү стандартты иштеп чыгуу зарыл",- деп жыйынтыктады ал.

Ошону менен бирге биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков өлкөгө келип түшкөн бардык гуманитардык жардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүү маселесин өзгөчө көзөмөлдөөнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.07.2020. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улантуусу зарыл дейби чычкымы гана келтиресинерда.Карапайым эл эч нерсеге тушунбогон кемчентойлорбузда ээ миллиондогон долларлар келди и келип жатат вируска каршы курошконго деп эч кандай даярдык жок мамлекет тараптан эл оздору акча чогултуп керектуу нерселерди алып берип жатышат.Ошол акчаларды уурдап жеп жаткандар ооруп кыйналып жургондордун убалына калып тыгылып,жарылып,кор болсонор экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: