super.kg logo

Дарыланып чыккандарды эсепке алуу үчүн маалыматтык база иштеп баштайт

 

"Госпиталдаштыруунун жалпы санынан, жеңилдетилген категориялар боюнча дарыланып чыкканы 65,2 пайызды түзөт. Алар: 16 жашка чейинки балдар 38 пайыз, пенсионерлер 15 пайыз, социалдык жөлөк пул алуучулар 6,7 пайыз, башка жеңилдетилген категориялар 5,5 пайыз", - деп билдирди Өкмөткө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков.

Анын айтымында 2020-жылга 987 миң 917 госпиталдаштыруу үчүн 7 миллион 1 миң 53 сом каралган. 2020-жылдын 23-июлуна карата 464 миң 835 адам дарыланып чыккан. Стационарларды каржылоо 3 миллион 7 миң 166 сомду түзгөн.

“Дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу үчүн маалыматтык база иштейт, анда ооруканада дарыланып чыккан ар бир бейтап боюнча маалыматтар камтылган: социалдык статусу, жаш курагы, клиникалык диагнозу, стационарда болгон убактысы саламаттыкты сактоо уюмдарына киргизилет. Программа онлайн режиминде иштейт”, - деп билдирди милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков.

Ал программа дарыланып чыккан учурдун татаалдыгына, бейтаптын социалдык статусуна жана кызмат көрсөтүлгөн аймакка жараша ар бир дарыланып чыккан учурдун наркын өзү эсептеп чыгат. Ушул программанын маалыматтарынын негизинде ооруканаларды каржылоо жүргүзүлөөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: