Июнь окуясы боюнча соттолгон Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн себеби айтылды
Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн себеби айтылды. Ал дем алуунун курч жетишсиздигинен улам көз жумгандыгы дарыгерлердин берген корутундусунда көрсөтүлгөнүн укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова маалымдайт.
Мындай корутунду соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында көрсөтүлгөн. Аскаровдо дем алуунун курч жетишсиздиги эки тараптуу пневмония шартында өнүккөн.
Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 25-июлда №47 түзөтүү абагынын ооруканасында көз жумган. Ал узак убакыт бою ооруп жүргөн жана андан пневмония оорусунун белгилери дагы аныкталганы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
-1

Бектер кетет эл калат - демекчи 1990-2010- жылдагы өзбек-кыргыз согуш өттү, башчылары бири качык жүрүп өлдү, башкасы түрмөдө өлдү, а эл калды. Кимге зыян элге зыян. Так что эл тынч эле кысып жашаганыбызга оң. Кыргыз эли барибир кыргызстандагы башка улутту жөн койбойт, эгер көөп кетсе