super.kg logo

Биринчи вице-премьер: "Биздин милдет – аралыктан окутуу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү болуп саналат"

 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун төрагалыгы астында "Санариптик Кыргыз өлкөсү 2019-2023" санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча "жол картасынын" аткарылышын координациялоочу республикалык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды.

Алмазбек Баатырбеков белгилегендей, түзүлгөн шартта өзгөчө көңүлдү аймактарды, анын ичинде билим берүү, калкка электрондук тейлөө көрсөтүү тармагын санариптештирүүгө, мамлекеттик органдар, калк жана бизнес ортосундагы электрондук өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө буруу зарыл.

"Санариптик Кыргыз өлкөсү 2019-2023" санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча негизги баяндаманы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов жасады.

"Санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу алкагында өлкөнүн бардык аймактарында "Санарип Аймак" долбоорун ишке ашыруу боюнча ири иш-чаралар жүрүүдө. 2020-жылдын март айында 8 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пилоттоштуруу жүргөн. "INFODOCS" электрондук документ жүргүзүү жана "e-Kyzmat" адам ресурсун башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча "Түндүк" электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун каражаты боюнча болжол менен 51 миллион транзакция өткөрүлгөн", - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, пандемия жана убактылуу аралыктан окутуу режиминин шартында, өзгөчө көңүлдү контенттик бөлүккө жана аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоого буруу керек, анткени, интернеттин төмөнкү ылдамдыгына байланыштуу окуучулар окуу материалдарын толук кандуу өздөштүрө албай калууда.

"Биздин милдет – аралыктан окутуу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү болуп саналат. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз жана биздин балдар мектеп парталарына отуруп билим ала башташат деп ишенем", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
29.07.2020. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр ишсиз калдым балдарыма телевизор кантип сатып алабыз
29.07.2020. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир уй булодо 4 окуучу барлар кантет. Аралыктан окууну коншу тажигистан жокко чыгарып каникул берип койду. Аралыктан окутуу деп канча акча кетерин Ким айтат?
30.07.2020. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аралыктан окутуу мугалимге да, окуучуга да ото кыйын болот экен. Ата-энелерге да ото кыйын болуп жатат. Планшет, телефон, телевизор жана интернет деген нерсе коп каражат сурайт экен, ансыз да каржалып турганда. Бул бир жагы, экинчи, адамдык калып тануу мезгилинде балдар ар туркун амал издеп, (эптеп окубай баа алыш учун) аферист боло баштайт экен. Учунчу жагы: Райондук билим беруу болумдору компютерге тушунугу жок мугалимдерди кыйнап, ноутбук алгыла, уйронгуло же кеткиле деп жатышат.
30.07.2020. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айлыгы 8000 сом алган мугалим байкуш кантип 20 000сомго ноутбук ала алат? Нан жейби, койнок киеби же 3 ай ачка, жыланач туруп ноутбук алабы?
30.07.2020. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз Баатырбеков мырза, Бишкектин Ленин райондук билим беруу борборуна чара корсонуз, мугалимдерге ноутбук алып, уйронбосонор кеткиле деп кыйноо боюнча!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: