super.kg logo

Ырчы Анжелика: "Элчи болгум келчү, балким ал кыялым ишке ашып калаттыр"

 

Ырчы Анжелика ыктыярчы катары президентке жолукканы, кайрымдуулук, саясат, жаңы алган үйү жана башка темада SUPER TV`га маек курду.

Алгач ал өлкө башчы менен болгон 3 сааттык жолугушуу ойдогудай өткөнүн, анда кандай маселелер көтөрүлгөнүнө токтолду.

"Биз өз көзүбүз менен көргөн нерселерибизди айтып бердик. Жолугушууда дарыгерлердин туура эмес иш алып баруусу, тагыраагы ыктыярчылар тарабынан берилген бет каптарды жана башка каражаттарды кампага катып койгондор тууралуу кеп козголду. Бул маселе дароо чечилерин өлкө башчы билдирди. Жолугушууга баргандар атабызга даттангандай эле баарын ачык айттык.

Бийликке карата сындар айтылды. Мен ойлогом бизди бул жаатта чектеп коёт деп. Бирок тескерисинче, президент туура кабыл алып "мага көп нерсени айтышыңар керек, балким мен көп нерсени билбей калып жатамын" деди.

Мен жолугушууда обсервация, ооруканаларда канча адам жатканы, алар кимдер экени, бош орундар тууралуу тизме короодо болсун деген сунушту айттым. Анткени жол тандабастар менен келгендер ооруканага кирип, карапайым адамдар сыртта калып жатат деген видеолорду көрүп жаттым", - дейт ал.

Анжелика айым пандемия шартында ыктыярчы болуусуна ырчы Мирбек Атабековдун социалдык тармактагы билдирүүсү себеп болгонун айтат.

"Карантин болуп үйдө отуруп калдык. Мирбек Атабеков кычкылтек концентраторун алып берели деп өзү бир жабдыкка акча бөлгөнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты. Анан мен дагы бирди алып беришим керек, ар бирибиз бирден алып берсек бейтаптардын өмүрүн сактап калабыз дедим. Жарнама менен иштешкен өнөктөштөрүмдөн гонорар келип түшкөн, ошол акчанын баарын жабдык алууга котордум. Ал суммага 5 кычкылтек концентратору келет. Андан тышкары менин тааныштарым, эжекелерим дагы жабдык алып берүүгө киришти. Андан кийин Элсомдон капчыгымды ачып, каражат топтой баштадым. Садака кылгандардын көбү чалышып "чын эле сиздин Элсомбу?" деп сурап жатышты. Жалпысынан 5 миллион сомго медициналык жабдыктарды жана дары-дермектерди алып, элге тараттык".

Ырчы саясатка аралашуу боюнча пикири менен бөлүштү.

"Саясатка барыш керек окшойт деп калдым. Себеби мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүгө жол ачылат экен. Эгер партиянын лидери, команда сендей мыкты, мекенчил болсо эмне үчүн элдин көйгөйүн чечкенге күч-аракетиңди жумшабашың керек? Бирок кыялымда өзүм элчи болуп, башка мамлекеттерде Кыргыз өлкөсүнүн маданиятын көрсөткүм келчү. Эгер элчи болсом элибиздин маданиятын ушунчалык көрсөткөн элчи болмокмун. Балким ал кыялым ишке ашып калаттыр. Баары алдыда, биз башкалардын катасын көрүп тажрыйба топтой беришибиз керек экен", - деди ал.

Маектин жүрүшүндө Анжелика айым ырчы Асема экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүктөргө токтолуп, азыр баары жакшы экенин айтты. Мындан тышкары ал жаңы алган үйү боюнча кеңири маалымат берип, ак өргөөнү алуу үчүн насыя алганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(50)
31.07.2020. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Адам байлыка умтулат жеткенден кийин бийлике умтулат. Андан нарагы жар. Жакынкы 5 жылда деле жылыш болбойт окшойт. Жалан эле бандалар соодагерлер артистер афералар ЖКга аракет кылышууда.Кетебизби
31.07.2020. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
souza.j,туура айтасыз мындай кетиште үмүттөр өчүп барат. Компетенттүүлүгү жок кадрлар, кесипкөй эмес кадрлар келечегибизди бүдөмүк калтырууда. Ар бир жаран мамлекетке салым кошом десе,мамлекет баалуулугун мыйзамын сактаса гана дейм. Ыктыярчы болуп эле көктү эңсеп чыга калышат. Ырчы ырын ырдасын, спортчу медаль алып келсин, дипломат элчи болсун ар ким өз ишин кылсын. Ыктыярчы болуп иштегени жеке өзүнө сооп үчүн иштеди да.
31.07.2020. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
Тилегиңе жет Анжелика айым!
31.07.2020. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Оп-поо ай
31.07.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Булардын кыялдары орундала берет, буюрса элчи болосун карындаш,Эл учун иштей бергиле!
31.07.2020. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Тонкий намек кылып атабы
31.07.2020. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары эле мекениме кызмат кылам деп келген.Чыгармачылыктан чыкпай эле журнуз.
31.07.2020. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Ичи тар юбкачан эркектер баягы эле сасык ооз
31.07.2020. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Ушуга окшогондор бийлике барып бир жолу сазга батырышты Кыргызстанды!Анжелика тынч эле ырыны ырдачы нарагыраак барып
31.07.2020. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Алергия
31.07.2020. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Сендейлердин айынан олко онукпой жатат сага инста подписчик лайк болсо болду да акылын жете турган ишти эле кылчы
31.07.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Элге таанылса эле бийлике барып алыш бизде модага айланды,башы иштейби иштебейби уруп ойнобойт,акчаң болсо болду.Ошон үчүн Кыргызстан өнүкпөйт да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: