АКШда биринчи жолу коронавирусту жуктурган ит өлдү
АКШда коронавирус диагнозу коюлган биринчи ит өлдү. Бул тууралуу "National Geographic" журналына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Нью-Йорк штатында апрель айынын ортосунда Бадди аттуу иттин дем алуусунда кыйынчылык жаралып, июль айында ветеринарлар ага коронавирус диагнозун коюшкан. Ал диагноз коюлгандан жарым ай өткөн соң, тактап айтканда 11-июлда өлгөн. Мындан тышкары ал рак оорусу менен жабыркаганы медициналык китепчесинде көрсөтүлгөн.
Буга чейин АКШнын Ветеринардык кызматы коронавирус жолборс, арстан жана 2 мышыктан табылганын кабарлашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:17
2025-07-11

15:27
2025-07-11
Рейтинг:
-2

Жаныбарларга дагы жукса жаман эле!