Араван районунда сел жүрдү
Ош облусунун Араван районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сел кечээ, 31-июль күнү саат 19:00 чамасында жүргөн. Жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Папан-Кичи-Алай унаа жолунун 82-89-чакырым аралыктарында сел жүрүп, унаа жолду кум шагылга толтурган.
Бүгүн, 1-августта тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол толугу менен тазаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.