super.kg logo

"Газпром Кыргызстан" Сары-Могол айылынын врачтарын коргоочу каражаттар жана медициналык жабдуулар менен камсыздады

 

2020-жылдын июль айында бийик тоолуу аймакта жайгашкан Сары-Могол айылынын ооруканасынын медайымы өзүнүн айылдаштарына кайрылуу жолдоп, медициналык бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетишпей жатканын билдирип, медициналык кызматкерлер коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу чоң экенин жана бейтаптарга толук кандуу жардам бере алышпай тургандыгын билдиришкен.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы аталган кайрылууну кабыл алып, айылдык ооруканага дары-дармек жана жабдуулар менен жардам берди. Мындан ары Сары-Могол айылынын тургундарына медициналык жардам үчүн кошуна айылга барууга муктаждык жоюлса, медициналык кызматкерлерге оору жуктуруп алуу коркунучу жоголду. Мындан ары дарыгерлер айылдаштарын пульсоксиметр, тепловизор, дары-дармек, кардиомонитор жана кычкылтек концентраторунун жардамы менен толук дарылай алышат.

"Медайымдын кайрылуусун көргөндөн кийин, компания дароо жардам берүү чечимин кабыл алды. Медициналык кызматкерлер жеке коргоочу каражаттар менен бир гана борбор калаада эмес, Кыргызстандын алыскы айылдарында дагы камсыз болуусу керек. Сары-Могол айылынын тургундары мындан ары медициналык жардамды өз убагында жана толук ала алышат, ал эми медкызматкерлер өз жумуш ордуларында тобокелсиз жумуш алып барат деген үмүттөбүз", - деп билдиришти «Газпром Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү.

Маалымат:

Сары-Могол айылы Ош облусунун Алай районунда деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. 1100дөн ашык турак жайы бар бул айылда 6000ге жакын калк жашайт.


кошулду





Газпром Кыргызстан» Сары-Могол айылынын врачтарын коргоочу каражаттар жана медициналык жабдуулар менен камсыздады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.08.2020. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылым алтын бешигим!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: