super.kg logo

Анжелика: "Мага 5 партиядан сунуш түштү, макулдугумду берейинби?"

 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин учурунда чыгармачыл чөйрө кайрымдуулук иштери менен алектеништи. Алардын катарында ырчылар Алтынай Нарбаева, Анжелика, тамада Эрнест Бөрүбаев жана башка бир топ атактуу шоу бизнес өкүлдөрү бар.

Бул жардам берүүгө кээ бирлери чын жүрөктөн ыраазы болушса, кай бирлери шайлоо жакындап келе жатканына карата аракет катары баалашкан. Ырчы Анжеликага шайлоого барууга 5 партиядан сунуш түшкөн. Бул тууралуу ал өз баракчасына жазып чыкты. Ырчы саясатка бара турган болсо, эл менен кеңеше турганын, кээ бир учурда аткара турган иштери үчүн мүмкүнчүлүктөр аз болуп жатканын айтып, төмөнкүдөй оюн билдирген.

Мага 5 партия штабынын жетекчилери колума арыз беришкен. Бирок алардын эч бирине кол коё элекмин. Саясатка жолой турган оюм жок эле. Бирок элдин берип жаткан демин, суранычын угуп, өз көзүм менен көрүп жаткан көйгөлөрдүн үстүндө иш алып барууга мүмкүнчүлүгүм бар экенин сезип турам. Сиздер менен акылдашам да эми. Ушул бойдон "элден-элге" кызматында калайынбы же сиз сунуштаган партияны колдоп, макулдугумду берейинби? Балким, жаңы дем-күч менен жакшы өзгөрүүлөрдү жасайттыр же башкалардай болуп, өзүм чече берейинби? Кол чолок болуп жатат, көбүрөөк жардам берейин десем", - деп жазган ырчы.

Бул пост азыркы тапта катуу талкууга жем таштады. "Жаңы көйнөк алсам деле талкууга түшө берем" деген Анжелика бул ирет да талкуу чордонунда калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(34)
06.08.2020. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Саясат сассык. Бир кирсен ызы-чуу менен чыгасын.Жон эле журунуз.
06.08.2020. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Eminahanym,кошулам. Анжеликаны ар бир сөзүн, кыймыл аракетин аңдып тургандарга кудай бербейби. Ансыз деле топурагы жеңил. 120жепжутатка кошулба.
06.08.2020. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Eminahanym,а дегенде депутат болуштун өзү максаты, көздөгөнү эмнеде экенин билишсе жакшы болмок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: