Жалал-Абад. Токтогулдун Толук айылындагылар үлүш жерлеринен ажыроодо
Токтогул районунун Толук айылында учурда "Датка Кемин" көмөк чордонунун зымдарын тартуу үчүн мамычалар орнотулууда. Иш жүрүп жаткан жерге керектүү жабдууларды жеткирүү үчүн айыл тургундарынын үлүш жерлери сүрдүрүлүп, жол курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда аталган айылдын башчысы Азизбек Кадыров билдирди. "Толук айылындагылар үлүшкө бөлүнгөн чөп жайыттарынан айрылууда. Айыл тургундары мал чарбачылык менен алектенгендиктен, кышка тоют камдоо маселеси орчундуу",- дейт ал. "Бийликтен бирөө деле келип кабар алган жок. Мамычаларды орнотуу иши толук бүтсө, канча жер пайдалануудан чыкканын тактайбыз. Андан кийин бийликтен компенсация төлөп берүүнү талап кылабыз",- деди Кадыров.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

