super.kg logo

Таанылгыс болуп өзгөргөн. Америкада 23 жаштагы кыз 88 килограммга арыктады

 

Американын Калифорния штатынын 23 жаштагы тургуну 88 килограммга арыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Таннен Ордунев бала кезинен бери ашыкча салмактан арылуунун ар кандай жолун издеп келген. Мектепти аяктагандан кийин ого бетер салмак кошкон.

"Менин салмагым 152 килограммга жетти. Бул жеткен чек эле. Досторум аз болгондуктан, күчүмдүн баарын тамактан чыгарып келгем. Мен кан басымдын көйгөйү менен жабыркагандыктан, 2017-жылы дарыгерлер мага жакында кант диабети менен жабыркай тургандыгымды айтты. Ошондо мен арыктоону чечтим дагы ашказаныма операция жасаттым. Жыйынтыгында 88 килограммга арыктадым", - деген ал.

Андан кийин ал өзүнүн эски сүрөтү менен жаңы сүрөтүн чыгарып, көпчүлүктү таң калтырган. Көпчүлүк 23 жаштагы кызды таанылгыс болуп өзгөргөнүн айтышкан.

"Мен эч качан мурдагы салмагыма кайтып баргым келбейт. Мурда ушунчалык ден соолугум начар жана бактысыз болчумун. Операция менин өмүрүмдү сактап калды! Азыр мен дени сак адаммын. Азыр болсо башкалардын арыктоосуна жардам бере алам, деп ишеничтүү айта алам. Башында баары кыйын", - деген Таннен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.08.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайм Таннен. Айабай бактылуу болуп аткан экен. Мен да мектепте окуп жургондо физкультурадан эн акыркы балдардын айагы тизилчимин. Кыздардан да кичине элем. Бойум оспой калды го деп кейичимин айабай. Кийин уч жылдан кийин бойум осуп балдардын алды болдум. Айабай суйуном.
13.08.2020. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
algakaray,Азаматсын!
Ар дайым спорт менен машыгып,туура тамактанып,дене-мучоно,келбетине кам коруп туруш керек жана да интеллектуалдык жактан да осуш керек!
14.08.2020. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күндө, диетага олтуруп и суу ичип фрукты жеп, эрте менен калың кийинип алып бир ай жестко чуркап койсоң эле жетишет, 100 кг запросту ыргытасын, чем болбогон дари дармектерди ичип и операция кылганча.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: