АКШ вакцинаны иштеп чыгууда Орусиянын жардамынан баш тартты
АКШ вакцинаны иштеп чыгууда Орусиянын жардамынан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусия АКШга коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууда көмөк көрсөтүүнү сунуштаган. Бирок АКШ ал сунуштан баш тартты. Басылмаларда эмне үчүн баш тарткандыгы ачыкталган эмес.
"Бул жагдайды АКШ тараптын Орусияга болгон жалпы ишенимдин аздыгы деп ойлойбуз. Сунушту АКШ ушундай ишенимсиздиктен улам кабыл албай жатышы ыктымал", - деген орусиялык аткаминер.
Орусия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөн. Ага "Спутник V" деген аталышы берилген. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
algakaray

15.08.2020. 15:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы орустар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.