super.kg logo
  Саясат  

Ош. Облус ишкерлери үчүн Кытайдын Кашкар шаарынан бекер орундар берилди

 
Кытайдын Кашкар шаарындагы "Guangzhou new city" базарынан Ош облусунун ишкерлери үчүн соода орундары берилди. Аталган жайда соодагерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды сатышат. Обладминистрациянын маалымат кызматы билдиргендей, соода аянтынан сырткары "Guangzhou new city" компаниясы тарабынан Ош облусунун ишкерлери үчүн Кашкар шаарында атайын заманбап, талапка жооп бере турган жабдыктары менен кеңсе бөлүнүп берилди. Бул иштер Ош облусу менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык карым- катнаштарды жакшыртуу максатында жасалып жатканы айтылды. "Кашкар шаарындагы кеңсе Ош облусунан барган соодагерлер үчүн ар дайым ачык болот. Кеңсени бир адам өз менчигиндей колдонбостугун көзөмөлгө алып тургула",-деп облус башчы Сооронбай Жээнбеков облустук администрациянын Тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Мелис Кадыровго тапшырма берди.

Айта кетсек, 3 жылга акысыз берилген соода кылуучу жайдын аянты 300 чарчы метр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: