super.kg logo

Шайлоо-2020: "Социал-демократтар" партиясы депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түздү

 

"Социал-демократтар" саясий партиясы 19-августта курултай өткөрүп, шайлоо алдындагы программасын талкуулады. Курултайда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси дагы түзүлдү. Партияны мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев жетектейт.

Партия азырынча тизмедеги баштапкы талапкерлери тууралуу гана маалымдоодо:

Сейитбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков. Кылычбек Султан, Ирина Карамушкина, Нурбек Касымбеков.

Cейитбек Атамбаев ушул жылдын июнь айында "Социал-демократтар" саясий партиясынын курултайында партиянын лидери болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Саясий партиялар 20-августтан кечиктирбей съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүшү керек болчу. 24-август кечке чейин партиялар талапкерлердин тизмеси боюнча документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
20.08.2020. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Карамушкина кыргыздын душманы!
20.08.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
admiral, туура айтасыңар Кыргызстанда болгон информацияларды Орусияга жеткирип тургандар ушул партиядан экөө үчөө бар
20.08.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер партия тузсон,партиянын лидери болсон,акылы,билимине карабай биринчи депутат болуп барат экен.Эгер партия лидери олуп калса же камалып кетсе баласына мурас болуп калат экен да.Мына биздин мыйзам.Демек,урпагыма жакшы нерсе тузуп берем десен, эптеп партия тузуш керек тура.
21.08.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иринанын ыры да чыры да бүткөндүр эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: