Сутка ичинде 13 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 13 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаары – 2;
Ош шаары – 1;
Чүй облусунда – 1
Баткен облусунда – 5;
Жалал-Абад облусунда – 4.
Ал эми бир суткада 1 медицина кызматкери ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининде дарыланып жаткандар жок.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 3 миң 86 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 384 медкызматкер айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.