Ош. Кара-Суу районунда өрт өчүрүүчүлөрдүн машыгуу иш-чарасы болот
18-сентябрда Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айылында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчүлөрүн окутуу иш-чарасы өтөт. Максаты - өрт өчүрүүчүлөрдүн практикалык билимин жогорулатуу. Иш-чаранын жүрүшүндө сценарий боюнча мунай сактоочу жайдан өрт чыгып, андагы жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, куткаруу кызматынын ыкчам аракеттерин чагылдыруу көрсөтүлөт. Окутуунун жыйынтыгында адистер тарабынан аткарылган иш-аракеттер баланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

