super.kg logo

Шайлоо-2020: БШКнын жумушчу тобу "Кыргызстан" партиясынын документтерин кайтарууну сунуштады

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча документтерди кабыл алган жумушчу тобу партиялардан келген документтер боюнча маалымат берүүнү улантууда. Алгач "Реформа" партиясы боюнча маалымат берилди. Анда партия 85 талапкердин тизмесин бергенин жана мыйзамдын талаптарына шайкеш келбестиктердин бар экенин айтышты.

Жумушчу топ БШКнын төрайымына "Кыргызстан" партиясынын документтерин кайтаруу боюнча сунушун айтты. Алар буга документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам алып келген деген жүйөөнү келтиришти.

Партиянын өкүлү бул сөздү кубаттап, өзүн жакшы эмес сезгендиктен кечээ БШКга документтерди жеткире албай калганан билдирди.

Азырынча БШК "Кыргызстан" партиясынын документтерин кабыл алуу же кайра кайтаруу боюнча бир жыйынтыкка келе элек.

Буга чейин "Кыргызстан" партиясынын төрагасы Канатбек Исаев маалымат жыйын берип, документти жеткирген адам "Кыргызстан" саясий партиясынын секретариатынын жетекчиси экенин, документтер БШКга өз учурунда берилгенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.08.2020. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сөздүн кыскасы силерден алардын кичине жаңылыштык болуп кетти.Ушул сөздөр эртең айтылат мыйзам чегинде эле болуп атат баары деп элди өзүңөргө теңейт окшойсуңар түшүнбөйт эмнени билмек эле деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: