Шайлоо-2020: Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинен алынып калганын айтат. Буга партиянын жообу
"Эркин Кыргызстан" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен биргеликте аттанып жатканын маалымдаган. Бирок "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген тизмесине анын аты-жөнү кошулбаганын Турсунбай Бакир уулу SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кеткен эмесмин. Тизмеден алынганымды кечээ эле билдим. Себеби БШКга берилген тизмеде менин аты-жөнүм жок экен. Партиянын 19-августта өткөн курултайында программа бекитилип, тизмеге кирген талапкерлер такталган. Анын чечиминин көчүрмөсү менде бар. Менин чыгып калышыма партия лидери менен ойлорубуздун дал келбей калышы себеп болушу мүмкүн", - дейт Бакир уулу.
Бул боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда, Турсунбай Бакир уулунун тизмеден эмне себептен чыгып калганы тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришти.





1 |