super.kg logo

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жактоочулардын келбегендигине байланыштуу жылдырылды

 

Бүгүн, 28-августта Биринчи Май райондук сотунда белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум кайрадан жылдырылды. Ага себеп кээ бир жактоочулардын келбей калгандыгы болгонун жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу буга чейин дайындалган соттук процесс айыпталуучулардын алып келинбегендигине байланыштуу өтпөй калганын айтат.

"Өткөн аптада сот жактоочулардын берген өтүнмөлөрүн кабыл алып, Кой-Таш окуясы боюнча отурумдар онлайн эмес, кадимки режимде өтмөк. Бирок 26-августка белгиленген процессте айыпталуучулар алып келинген эмес. Анын себеби түшүндүрүлгөн жок. Бүгүн айрым жактоочулардын мурда дайындалган иштери болгону үчүн соттук процесс жылдырылды. Кийинки териштирүү 2-сентябрь күнү саат 10:00гө белгиленди", - дейт жактоочу.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаевдер бар.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: