"10 чактысы ортоңку манжасын көрсөтүштү". Элге ортоңку манжасын көрсөттү делген жигит окуя боюнча үн катты (видео)



Соттун алдында турган элге ортоңку манжасын көрсөттү делген адам окуя боюнча түшүндүрмө берди. Анын видеосу "Кыргызстан" партиясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Анда ал мындай кадамга эмоцияга алдырып жибергендиктен барганын айткан.
"Сот бүткөндөн кийин унаага түшүп кетип бара жатканбыз. Мен биздин тарапташтарга "лайк" бастым, ошондо сыртта 50гө жакын киши турган. Анын 10 чактысы мага ортоңку манжасын көрсөтүштү, мен аларга жооп кылдым, видеодогу мен болчумун", - деген ал.
Эске салсак, кечээ, 27-августта Бишкектин Административдик сотунда "Кыргызстан" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралып, ага карата сот чечим чыгарган.
Процесс аяктагандан кийин социалдык тармактарга "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаев оппоненттерине ортоңку манжасын көрсөтүп баратат" деген сүрөт тараган. Буга карата партия лидери SUPER.KG порталына унаадагы киши ал эмес экенин, калп маалымат тарап жатканын билдирген.
Соттун жанында элге ортоңку манжасын көрсөткөн жигит окуя боюнча түшүндүрмө берди













1 |