Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны 17 миңден ашты
Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 993 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 83 адам каза болсо, 2 миң 405 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 685 (айыккандар 916);
Санкт-Петербург шаарында - 188 (айыккандар 96);
Москва облусунда - 146 (айыккандар 103);
Нижегород облусунда - 138 (айыккандар 16) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 995 миң 319 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 17 миң 176сы каза болсо, 809 миң 387си айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.