super.kg logo

"Бэйби-бум". Наристе күтүп жаткан шоу-бизнестин өкүлдөрү

 

Быйылкы жылы шоу-бизнес өкүлдөрүнөн кимдер ата-эне макамын алышып, бешик терметип, жентек той өткөрөрүн тизмектеп көрдүк. Алардын арасында биринчи, экинчи, үчүнчү наристесин күтүп жаткандар бар.

Ырчы Данияр Эрматов жана жубайы Айсалкын айым тунгуч наристесин күтүп жаткан учуру. Түгөйлөр 2019-жылы баш кошкон.

Актёр жана "тамашоучу" Рүстөм Аскенов менен келинчеги Гүлзада Мүзүралиева биринчи наристесин күтүп жаткан маалы. Түгөйлөр 2019-жылы баш кошкон.

"Балалуу болом" деген белгилүүлөрдүн катарында ырчы Бурул Арунова да бар. Ал 2019-жылы турмушка чыккан.

Актёр, алып баруучу жана шоумен Самат Эркинбеков жакында ата болот. Ал жубайы Чолпонайдын кош бойлуу сүрөтүн социалдык тармакка жарыялап, ата-эне болорун айткан. Жубайлар 2015-жылы баш кошкон.

Ырчы Арсен менен колуктусу Бегайым бул жылы экинчи ирет ата-эне аталышат. Түгөйлөр 2018-жылы июль айында үйлөнүшүп, 2019-жылы кыздуу болушкан.

Шоумен Актан Рыскелдиев менен келинчеги Феруза айым жакында үчүнчү ирет ата-эне макамын алышат. Жубайлар 2014-жылы үйлөнүп, Жантай, Анатай аттуу уулдарды тарбиялап келишет.

"Азия Микс" командасынын оюнчусу Бактияр Касымалиев менен келинчеги Жибек Алиева дагы үй-бүлөсүндө толуктоону күтүшүүдө. Алар 2016-жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
01.09.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буйруса баары аман эсен коз жарып алыштын!
01.09.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыңар келинчегиңер абдан жакшынакай, келбеттуу экен. Айымдар ушинтип дайыма жаш корунуп, сулуу, чачыңарды жасап, жап жаш болуп журо бергиле. Эрте эле карыбагыла кыздар.
asyl1998 түзөттү 2020-09-01 14:27:02
01.09.2020. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аман-эсен көз жарып алгыла, женилинен болуп
01.09.2020. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данияр,Самат,Рустомдор аялдары менен окшош экен.Данияр айрыкча .Тан калдым
01.09.2020. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карантин башталганда быйыл статистикада калктын санынын осуусу байкалат деп айтып журдум эле ))
01.09.2020. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шоу бизнестин өкүлдөрү быйыл той-топур жок, бейби буумга өтүшкөн экен. Бул башы эле болушу мүмкүн, кышка жуук дагы көбөйсө керек.
02.09.2020. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар. Тенирим сиздерди колдосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: