Ысык-Көл облусунда үймө үй кыдырууда 2 жарым миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды
Ысык-Көл облусу боюнча үймө үй кыдырууда 2 миң 621 адамдан коронавирус жана пневмония оорусуна чалдыккандар аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейин үймө үй кыдыруунун жыйынтыгында коронавирус менен пневмонияга чалдыккан 2621 адам аныкталды. Бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Облустук ыкчам штабынын маалыматына ылайык, дарыгерлер жалпы 112 миң 500 короону кыдырып, 514 миң 541 адам текшерүүдөн өткөн", - деп билдиришти министрликтен.
Ысык-Көл облусунда жалпы 3 миң 729 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Ушул багыт боюнча иш алып бврган адистерге тиешелуу!
Убакыттын отушу менен ушул 2 оору менен миллиондогон адамдардын омурун алып кетет го