super.kg logo

Адис: "Коронавирус жүрөк-кан тамыр ооруларын өрчүтөт жана аны дарылоо көпкө созулат"

 

"Коронавирус инфекциясы жүрөк-кан тамыр ооруларын өрчүтөт жана аны дарылоо көпкө созулат. Мындан улам жүрөк оорулары бар бейтаптар бир катар тийиштүү чараларды сактоосу зарыл", - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы кардиологу Акпай Сарыбаев.

COVID-19 менен ооруп, айыккан жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

* Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптар 14 күнгө чейин изоляцияда болушат;

* Изоляция учурунда кайра калыбына келүү программасын аткаруусу сунушталат жана изоляция маалы бүткөндөн кийин атайын реабилитациялоо борборлоруна барууга мүмкүн;

* Үй шартында толук жана туура тамактануу зарыл. Жашылча-жемиштердин өлчөмү (400 граммдан кем эмес), тамактын тузу аз (5 граммдан ашпаган), суюктукту чектөө зарыл, бир күндө 1-1,5 литр ичүүгө болот, эгерде дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин көбөйтүүгө болот;

* Сөзсүз түрдө дем алуу көнүгүүсүн жасоо. Бул багытта программаларды республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун сайттарынан табууга мүмкүн;

* Ооруканадан чыгып баратканда физикалык активдүүлүк менен канчалык деңгээлде машыгууга мүмкүн экенин билип алуу зарыл. Эгерде дене табы 37,5 - 38ге көтөрүлсө, жүрөктүн согушу 100дөн ашса, дем алуусу бир мүнөттө 30дан ашса жана сатурациясы 93 пайыздан жогору болсо физикалык активдүүлүк сунушталбайт.

* Дарыгер тарабынан жазылып берилген дарыларды ичүү маанилүү, бирок кан басымы түшүп же башка дагы өзгөрүүлөр болсо дарыгерге кайрылуу керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.09.2020. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деп жазып койо бересинер больницага барса места жок дейт врачтар.акчан болсо баары табылат.карапайым калк ар эшикти тепкилеп журот.диагносту туура койо алышпайт.ушундай журогум ачышат кимге арызданышты билбейм.врачтар даарылаштын жолун билишпей(баардык врачтар эмес)канчалаган адамдарды олтуруп алышты.башы ооруп барса бутун дарылап дегендей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: