super.kg logo

"Жер-жемиштерибиз чирип кетти" дейт "Өзгөн" базарындагы соодагерлер (видеорепортаж)

 

"Өзгөн" базарындагы соодагерлер Маданият көчөсүнүн жээгинде соодачылык кылышат. Жергиликтүү администрация алардын жол жээгинде соода кылбоосун талап кылышууда. Ал эми соодагерлер "жергиликтүү бийлик базарды жапты. Мындан улам биздин жер-жемиштер чирип кетти" деп бийлик өкүлдөрүнүн жооп берүүсүн талап кылып, нааразычылык акциясына чыгышкан. Алардын пикирине жергиликтүү администрация жооп берип, базарды иретке келтирүү аракеттери болуп жатканын билдирген.

Буга макул болбогон, жол жээгинде соодачылык менен алектенгендердин бири Халыскан Раимбекова жергиликтүү бийлик соодагерлерди кордоп жаткандыгын билдирет.

"Администрациянын алдына нааразы болуп чыгуубузга себеп, биздин мурунку соода базарыбыздан автобазага алып барды. Кайра андан башка базарга көчүрүштү. Булар адамдарды кор кылып жатышат. Алар соодагерлерге атайын жай берип, бир жерге отура тургандай орундук даярдап берүүсү керек болчу. Бирок соодагерлерди ары-бери калчап, ар кайсы жактарга алып барып жатышат. Биздин сата турган жер-жемиштерибиз чирип кетти. Ушул соодачылык менен күн көрүп, бала-чака багабыз. Насыябыз да бар, кантип төлөйбүз? Ошол маселе болуп жатат", - деди соодагер.

Ал эми көп жылдан бери Өзгөндө иштеген соодагер Малика Сатыбаеванын жаңы ачылган базардан соодасы жүрбөй калганын айтат.

"Дыйкандардан товар алып, анын үстүнө кайра 2-3 сомдон кошуп сатабыз. Эки коробка эле помидор ала турган болсок, ал 1000 сомдон ашып кетет. Алар которгон "Дордой" базарына барып, соодабыз болбой товарыбызды чиритип, төгүүгө аргасыз болдук. Чириген жер-жемиштерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көрсөттүк. Бирок алар биздин кеткен чыгымга баштары да ооруган жок", - деди Сатыбаева.

Ал эми бийлик буга чейин алар соода кылган мурунку автобазаны бир апта мурун жаап салган. Соодагерлердин айтымында, ал жакты базар кылууга даярдап, орундукка айлантуу үчүн ар бир соодагер бир орундукка 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин каражат сарпташкан. Бирок алардын сарпталган каражаттары, товарлары эске алынбай базардын дарбазасы кулпуланган. Мындан улам соодагерлердин товарлары сатылбай калып, аларды төгүп жиберүүгө аргасыз болушкан.

Биз бул көйгөйлөрдүн анык себебин билүү үчүн Өзгөн райондук администрациясына кайрылдык. Район акими Болот Дыйканбаев бул кадамдардын баары базарды иретке келтирүүгө болгон аракеттер экенин айтты.

"Өзгөн шаарында базардан башка да көйгөйлөр көп. Бирок эң негизгиси базардын иретсиздиги болууда. Расмий түрдө 5 миңден ашуун жарандар соода кылышат. Ал эми мурунку автобаза соода түйүнү болгон эмес. Аны ортомчулар акча табуу максатында базарга айлантышкан. Ал жерди жабууга канализация киргизүү себеп болгон. Базар жабылып жатканда да соодагерлерге мыйзамдуу жерге көчүрүү боюнча айтылган. Ал жерде да шылуундар болуп, алдап, уруксаты жок жерге барып отурукташкан. Бул жерде да карапайым эл алданган. Ошол кезде мен ар бирине айтсам, алар менин үстүмдөн күлүшкөн. Бүгүн да ошол аялдар обон созуп жатат. Биз мыйзамсыздыкка жол бербейбиз, мыйзам менен жашашыбыз керек", - деди Болот Дыйканбаев.






“Өзгөн” базарындагы элдин нааразычылыгы

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
04.09.2020. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иретке келсе озубузго жакшы тазалаш керек. Жолдун четинин баары мыйзамсыз соода кылган обончу аялдар.
04.09.2020. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уялбай эки уч сом кошуп сатабыз дейт 6 ай меенет кылган дыйкан шордуудан 10 сомго алып устуно 10 сом кошуп 20 сомдон сатасынар го ортомчулар.
04.09.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аким толковый жигит, озу базарларды ирэтке келтириш керек,пожар, санитарный,техникалык талаптарга жоп бериш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: