super.kg logo

Өлкөдө COVID-19 илдетинен каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөсүнө акча каражаты төлөнүп берилген

 

Пандемия шартында COVID-19 илдетине чалдыгып, каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндөгү компенсация төлөнүүдө. Бүгүнкү күндө 18 ак халатчандын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилгенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө коронавирустан каза богон 18 медкызматкердин үй-бүлөсүнө акча каражаты төлөнүп берилген. Мындан сырткары дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат”, - деди Үсөнбаев.

Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:
Ош облусунан - 113 документ;
Талас облусунан – 33;
Чүй облусунан – 337;
Баткен облусунан – 25;
Нарын облусунан – 35;
Ысык-Көл облусунан – 48;

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн. Бишкек шаарындагы санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жаткан учуру.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: