super.kg logo

Шайлоо-2020: Шайлоого жалпысынан 15 партия каттоодон өттү

 

Бүгүн, 4-сентябрда БШК менен шайлоого аттанган партиялар ортосунда мыйзамдуу жана таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюлат. Кол коюу аземине 15 партиянын өкүлдөрү келишти.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого катышууга 15 партия катталганын айтты. Шайлдабекова өз сөзүндө партиялар кол коюуга макул болгон меморандум таза шайлоону өткөрүү үчүн маанилүү кадам жана аны менен бирге эле партияларга карата жардам экенин белгиледи.

"Шайлоону таза өткөрүүгө чогуу аракеттенсек гана жетише алабыз. Ошондуктан биз партияларга алдыдагы шайлоону таза өткорүш үчүн чогуу иштешүү максатында меморандум түзүүну сунуш кылдык. Мен бардык партиялар берген убадасына турат деп үмүмттөнөм. Бул жигитчилик келишим" , - дейт Шайлдабекова.

Бүгүн, 4-сентябрдан баштап шайлоого үгүт иштер ирасмий түрдө башталды. Эртең партиялар бюллетендеги катар номерди аныктоо үчүн чучукулак кармашат. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: