super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 880 миңден ашты

 

Бүгүн, 7-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 26 миллион 981 миң 755 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 18 миллион 40 миң 720 бейтап айыгып чыкса, 881 миң 325 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 275 миң 386 адамдан коронавирус аныкталды. 188 миң 910 адам каза болсо, 2 миллион 315 миң 995 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 123 миң адамдан аныкталды. 126 миң 203 адам каза болсо, 3 миллион 514 миң 451 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 4 миллион 113 миң 811 адам вируска кабылган. 70 миң 626 бейтап көз жумса, 3 миллион 180 миң 865 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: