super.kg logo

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда "Альфа" атайын түзүмүнүн кызматкерлери көрсөтмө берет

 

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иши уланууда. Анда "Альфа" атайын түзүмүнүн кызматкерлери көрсөтмө берерин жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Өткөн отурумда жабырлануучу тарап болгон жактардан сурак алуу процедурасы башталган. Ага ылайык, "Альфанын" спецназдары көрсөтмө берүүгө чакырылган. Жалпы жонунан атайын түзүмдүн 54 кызматкери сурак берет. Азырынча бир кызматкер гана суракка алынды", - дейт жактоочу.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаевдер бар.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: