super.kg logo

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранды

 

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын доо арызы каралууда. Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранды.

Аталган партиянын өкүлү БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранды. Ал эми партиянын лидери Адахан Мадумаров үгүт иштери башталганын эскертип, партия кечигип жатканын айтты. Ал тез арада чечим чыгарып берүүнү сурады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин "саясий чечим" деп баалаган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы сотко кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.09.2020. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумушчу топ деген кимдер?
07.09.2020. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БШК,Сот эл душманы болдуңар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: