super.kg logo

Адахан Мадумаров: "Биз тушалган аттай болуп бир аптадан бери турдук"

 

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды. Сот партиянын доо арызын канааттандырды. Сот имаратынын алдында турган партиянын тарапташтарына партия лидери Адахан Мадумаров чыгып, аларды жеңиши менен куттуктады.

"Бул жеңиш жарандардын шайлоого катышуу укугунун жеңиши. Эл деген бийликтин бутагы. Элдин каалоосу менен жүргөн гана бийлик бийик боло алат. Бизге чет өлкөдөн дагы мекендештерибиз чалып, тилектештигин билдирип жатышат. Ал эми силер ушул жерде он сааттан бери суу ичпей турасыңар. Силерге рахмат. Биз шайлоого ушундай алешемдиктер менен күрөшөбүз деп бара жатабыз. Биздин максат кызмат кылуу. Ачкан курсакты тойгузсак болот, бирок өз укугубуз менен өзүбүз күрөшпөсөк болбойт. Алдыда күрөш турат. Биз тушалган аттай болуп бир аптадан бери турдук. Ал эми башкалар элди, жерди кыдырып жүрөт. Бизда эртеңден баштап шайлоо процессине катышып баштайбыз", - деди Мадумаров.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
09.09.2020. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Урааа! Буйруса парламентке да жетишсин! Элдик партия!
09.09.2020. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турсунбай Бакир уулу дагы бут тоссо бир кыргыздын жакшы жигити ручкасын акырын сындырып койсо болот эле.Же андай кыргыз жокбу.
09.09.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бүтүн Кыргызстан шайлоодо да утуп чыгат деп терең ишенебиз.
BarsBaatyr түзөттү 2020-09-09 21:25:22
10.09.2020. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Норвегияда бир депутат жаш кыз менен клубда бийлегени учун партиянын лидерлигинден алынды а бизде болсо соттолгондун баары депутат
10.09.2020. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
барибир отпойт бул партия, азыр эл мурдакыдай колдобой калды. озум деле ушул убакытка чейин Мадумаровко добушумду берип келгенмин, бирок акыркы жылдары сын айтып эле мен мен деп калды... бул менин жеке оюм
10.09.2020. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул шакалды 7-апрелде каза болгондорду бандиттер дегенден бери короюн деген көзүм жок. Ошоло болбосо эмдигиче Бакиевдердин аркасын ###### коюп жүрмөк да, падхалимденип.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: