Курсан Асанов: "Чечимге бийликтин кийлигишпегени билинди"

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды. Сот партиянын доо арызын канааттандырды. Сот имаратынын алдында турган талапкер Курсан Асанов дагы келип, чогулгандарды жеңиши менен куттуктады. "Туугандар, биз тушалган жокпуз, биз 3 күн ичинде болот кандай курчуган болсо ошондой курчудук. Азыркы учурдан баштап биздин агитаторлор ар бир кыргызстандыктын үйүндө болот. Мен чындык үчүн айтып коёюн бүгүнкү судья Анар Эгембердиева дагы чыныгы Кызсайкал экен. Себеби чечимге бийликтин кийлигишпегени билинди. Чындык ушундай болду. ИИМдин кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Жеңиш бизде болот", - деди Асанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Асановго жакпаган чечим чыкса бийлик кийгилишти, жаккан чечим чыкса кийгилишпеди дегени уят го)))