Кримтөбөл Батукаевдин иши: Жактоочу Башкы прокуратуранын "Алмазбек Атамбаев өзүн актап жатат" деген билдирүүсүнө карата жооп берди

Билдирүүгө ылайык, жактоочу Башкы прокуратуранын Атамбаевге каршы көрсөтмөлөр жана далилдер бар деп айтканын коомчулукту адаштыруунун жолу катары баалаган.
"Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин иши боюнча билдирүүсүнө Башкы прокуратура кайрадан жооп кайтарган экен. Анда "Алмазбек Атамбаевдин күнөөсүн моюнуна албагандыгына жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгына карабастан, ага коюлган айып күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана иштин жагдайларына дал келген башка далилдер менен далилденген" деп жазылган.
Башкы прокуратуранын бул ырастоолору коомчулукту адаштыруунун жолу деп түшүндүм. Себеби иш боюнча өтүп жаткан бир дагы күбө тергөө органдарына же сотко Азиз Батукаевдин колониядан бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз иш-аракет жасаганы тууралуу же кандайдыр бир материалдык пайда алгандыгы тууралуу билдирген эмес. Бир дагы күбө мурдагы өлкө башчынын коррупцияга кириптер болгондугу тууралуу көрсөтмө же далил берген эмес.
Кылмыш ишинин 26-томдук материалы ачык болуп саналат. Ал эми жабык катары эсептелген 27-томунда Алмазбек Атамбаев Шамиль Атахановдун гана көрсөтмөсүндө эскертилет. Ал эми Шамиль Атахановдун көрсөтмөсүнүн мааниси коомчулукка белгилүү. Андыктан Башкы прокуратура далилсиз эле Атамбаевге каршы далилдер бар экенин билдире бербей, иштин ачык материалдарын алып жарыяласа болмок. Бирок анда экс-президентке каршы көрсөтмөлөр жок", - деп жазылган билдирүүдө.
Эске сала кетсек, 2-сентябрда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевди абактан бошотуу УКМКнын атайын операциясы болгонун, бирок ал ишке ашпай калганы тууралуу билдирүү тараткан.
Буга байланыштуу Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө карата жооп берип, сотто мурдагы өлкө башчынын күнөөсү толугу менен далилденгенин айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ka2sr1

11.09.2020. 11:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соке Атамбаевти саттып кетти да. Атамбаевти жамандап, Сокенин аркасы менен кызматка келгендер андан коп болду.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.