Өкмөт: "Жарандардан кафе, ресторандардагы орундардын санын 100-150гө чейин көбөйтүү боюнча суранычтар болууда"
Кафе, ресторандардагы орундуктардын санын 100-150гө чейин көбөйтүү тууралуу жарандардан сунуштар келип жатат. Бирок азырынча уруксат бериле элек дейт өкмөт башчы Кубатбек Боронов.
"Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларда 100 орунга чейин киши топтоого уруксат берүү маселеси республикалык штабда карала элек. Буга байланыштуу азырынча чектөөлөр бар экенин эскертемин. Учурда жарандардан, ишкерлерден кафе, ресторандарга 100-150 киши топтоо боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бирок биз биринчиден, кырдаалды эске алып, экинчиден кафе, ресторандардын ээлери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк жаралат”, - деп билдирди Боронов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
nazarnew

15.09.2020. 17:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйдун тезегин жебегилечи, тойлор өтүп эле жатат го толтура, 300 - 400 адам өткөн тойлор көрүп эле жүрөм го, силердин созунордун эч ким уруп дагы ойнобой калышты окшойт көк мээлер.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.