super.kg logo

Бүгүн Айсулуу Мамашова Ош шаарынын ар кыл тармактарындагы алдыңкы кесипкөй айымдары менен жолукту

 

Бүгүн,16-сентябрда Айсулуу Мамашова Ош шаарынын ар кыл тармактарындагы алдыңкы кесипкөй айымдары менен жолукту. Жолугушуунун башында Айсулуу Турусбековна эмнеге “Замандаш” партиясын тандагандыгын айтып берди.

“Замандаш” жасаган ар бир ишин башкаларга окшоп жарыялабайт. Мен дагы аткарган иштеримди мактаныч болбосун деп элге жар салбайм” деп баса белгилеп, 6-чакырылышта депутат болуп турганда калктын социалдык аярлуу катмарына колунан келишинче көңүл буруп, гемодиализдин баасын арзандатуу, алимент маселеси сындуу мыйзам долбоорлорун жазганын, андан тышкары ар кандай кризистик борборлорду курууга демилге көтөргөнүн да маалымдады.

“Биз билим берүү системасын өнүктүрүүгө абдан көңүл бурушубуз зарыл. Жаш балдарыбыздын ата-энелери жетишпеген жашоонун айынан башка мамлекеттерге мигрант болуп чыгып кетип жатышат. Ошондуктан биз жаш муунга татыктуу тарбия жана билим беришибиз зарыл”, – деп эң маанилүү маселе боюнча өз оюн билдирди.

Бул жолугушууга катышкандар Айсулуу Мамашовага бир топ суроолорду узатып, жеткиликтүү жоопторду алышты.

“Замандаштын” талапкери айымдардан “добушуңарды сатпагыла, таза партияны тандагыла” деп чакырык таштады. Алар Айсулуу Мамашованы колдоорун билдиришип, ыраазы болуп кайтышты.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, 28. Чыгарылган күнү «16» сентябрь 2020-ж.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: